Бүгүн, 25-февралда президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Белгилүү болгондой, Ош облустук сотунун судьялык корпусу жаңыланды, сынактык тандоодон облустук соттун иштеп жаткан 4 судьясы өттү. Бул штаттагы судьялардын 26,6 пайызын түзөт. Ал эми сынактан жаңы 6 судья өттү, алардын ичинен 2 судья мурда сот тутумунда иштеген эмес. 10 судьянын арасынан 4 судья - аял. КРнын Сотторду тандоо кеңеши президентке 2013-жылдын 15-февралында 15 талапкерди Ош облустук сотунун судьялыгына дайындоо боюнча сунуш киргизген. Материалдарды карап чыгып жана ар бири менен жеке аңгемелешкен соң өлкө башчы сунушталган 5 талапкердин материалдарын Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарып берип, 10 талапкер боюнча макулдугун берди.