Ош облусундагы Араван районунун Төө-Моюн айыл округунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айылга барчу жолду бузуп кетти. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
Окурман белгилегендей, учурда жолдо 200дөй унаа өтө албай турат. Жолдун астынан суу өткөрүүчү ири түтүктөрдүн сапатсыздыгынан улам бул жол көлмөгө айланып кетти. "Тургундардын кыйналып жатканын байкоого болот, себеби алар күнүмдүк турмушка керектүү оокаттарды Кызыл-Кыя шаарынан алып келишет",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.