2012-жылы Кыргызстанда 8678 үй-бүлө ажырашкан. Ал эми ажырашуу боюнча эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка ылайык, 2011-жылга салыштырмалуу былтыр ажырашуу Ош шаарында 30, Баткен облусунда 17, Ош облусунда 10 үй-бүлөгө аз болгон.
Маалымат үчүн: 2012-жылы өлкө боюнча 55 176 үй-бүлө нике каттоосунан өткөн.