18-23-февраль күндөрү Бишкек шаардык ИИББи тарабынан “Арсенал” аттуу рейд жүрүп, анын жыйынтыгы менен 2 адамга кылмыш иши козголду. Рейд учурунда Бишкек шаарынын 46 тургуну П.В. аттуу жарандан номуру өчүрүлгөн мылтык, шаардын 31 жаштагы тургуну С.Н. аттуу жарандан "ПМ" үлгүсүндөгү тапанча, 8 огу менен табылган. Маалым болгондой, 5 күн ичинде 1732 адамдын аңчылык куралы текшерилип, анда 39 адам куралды сактоо жана аны кайрадан каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды.