Таалайбек Ибраев, депутат: "Камсыздандырылган унаа кырсыкка кабылса, зыяндын ордун толтурууга 10 күн талап кылынат"

"Камсыздандырылган унаа кырсыкка кабылса, зыяндын ордун толтурууга 10 күн талап кылынат",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Ибраев 26-июнда "Автоунаа каражаттарын камсыздандыруу" деген темадагы талкууда.

Депутат өлкөдө автоунаалардын саны өсүп жатканын белгилеп, камсыздандыруу эң башкы зарылчылык экенин билдирди. "Жол кырсыктарынын алдын алуу бир маселе, анын кесепеттерин жоюу да өзүнчө көйгөй. Ошондуктан ар бир жарандын менчик унаасынан тартып ар бир ишканадагы автоунааларга чейин камсыздандырып койгон жакшы. Мен энергетика тармагында иштеп жүргөндө ошол ишканадагы атайын техникалар камсыздандырылган. Анда бир жеке менчик камсыздандыруу компаниясы менен кызматташууга туура келди. Ошентсе дагы кайтарым жаман болгон жок. Мындай компанияларды тандоого келгенде аларды рейтингине карап туура тандап алуу кажет",- дейт Ибраев.

Камсыздандырылган унаалар кырсыкка кабылса, камсыздандыруу компаниясы  10 күн аралыгында зыян тарткан унааны ордуна тургузуп бериши керектигин кошумчалады.

Маалыматка таянсак, кыргыз өлкөсүндө учурда камсыздандыруучу 17 компания иштейт. Алардын 14ү атайын автоунааларды камсыздандыруучу лицензияларга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан