“Камбар-Ата-1 ГЭСи жок эле дегенде 10 жылда курулуп бүтөт”. Бул сөздү 22-февраль күнү Жогорку Кеңештеги парламенттик угуу учурунда эксперт Карыпбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан тез арада ГЭСтерди куруу ишин баштабаса, энергетикалык каатчылыкка кептелет. "Эртеңки күнү керектөөдөгү электр энергиясы иштелип чыгарылып жаткан электр энергиясынан дагы жогору болуп кетиши мүмкүн. Тилекке каршы, керектөөнүн өсүшү жыл сайын 3-4 пайызды түзүүдө. Ал эми ГЭСтерибиздин жабдыктарынын жарамдуулук мөөнөтү аягына чыгып калды. Эгерде Токтогул каскадында агрегаттардын бири жылышып кетсе кантебиз? Анда биз он эсе көп чыгымга учурайбыз",- деди эксперт.