Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары август айынын аягында Кувейт мамлекетине иш сапары менен барышат

Шаардык кеңештин депутаттары август айынын аягында Кувейт мамлекетине иш сапары менен барышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Бишкекте шаардык кеңештин кезектеги 13-жыйынынын жүрүшүндө кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди. Анын айтымында, 24-29-май күндөрү Кувейт өлкөсүнөн атайын делегация келип, эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.  

Макулдашууга ылайык, тараптар ар кайсы тармактар боюнча маалымат жана тажрыйба алмашышат. Ошондой эле Кувейт мамлекетинин өкүлү президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Кувейт өлкөсүнө келип кетүүсү жөнүндө чакыруу алып келди. Бул эки өлкөнүн мамилеси жакшырып, бекемделип бара жатканынан кабар берет”,- деди Аманкулов.

Сессиянын жүрүшүндө аталган токтом бекитилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан