Парламентте "Ата Мекен" менен КСДПнын депутаттары мөңгү маселеси боюнча кайым айтышты

Парламенттин 29-июндагы жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков "Кумтөрдөгү" мөңгүгө байланыштуу билдирүү жасап, анын сөзүнө "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттары макул эместигин айтып чыгышты. Турсунбеков мөңгү маселесинде айрым депутаттар популизмге алдырып, саясий упай топтоого аракеттенип жатышканын айткан эле. "Ата Мекендин" депутаты Туратбек Мадылбеков кесиптешин абайлап сүйлөөгө чакырды. "Кайсы бир принципиалдуу маселелерде фракциялар өз позициясын билдирүүгө акылуу. Өз позициясын билдирүү - бул популисттик эмес, ушуну билип алыңыз. Биздин фракциянын принципиалдуулугун көпчүлүк жакшы билет",- деди Мадылбеков.
Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарынын билдирүүсү коалициялык көпчүлүктүн ынтымагына доо кетириши мүмкүн экенин айтты.
Спикер бул маселени коалициялык көпчүлүктүн ичинде чечип алууну сунуштап, кайым айтышууну токтотту.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан