Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин долбоору каралды.
Маалыматка ылайык, 1994-жылы кабыл алынган азыркы КРнын Аба кодекси авиация тармагынын эл аралык стандарттарына жана азыркы талаптарына жооп бербейт. Мындан тышкары кодекстин жоболору дүйнөлүк алдынкы практикадан артта калып, жарандык авиация чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучуларынын учурдагы муктаждыктарына жооп бербейт.
Жаңы кодекстин долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты - КРнын жарандык авиация чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдык системди Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына шайкеш келтирүү, аны өркүндөтүү.
Кароого коюлган кодекстин долбоору жарандык авиациядагы азыркы мыйзамдардын концептуалдык кайра каралган ченемдерин өзүнө камтыйт. Жаңы кодекстин долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны өнүктүрүү, учуунун коопсуздугун жакшыртыш үчүн укуктук негизди түзөт, ошондой эле кыргыз авиакомпанияларынын Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча Европа комиссиясы менен сүйлөшүү процессин башташ үчүн негиз түзөт.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.