Жогорку Кеңештин депутаттары “Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын чек араларынын баяндалышын бекитүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Добуш берүүгө катышкан бардык 109 депутат аталган долбоорду колдоду.
Айта кетсек, Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынан мектеп куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилүүдө. Мындай чаралар Ош шаарынын билим берүү мекемелериндеги абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мектеп Казакстандын “Самрук-Казына” фондунун каражатынын эсебинен курулмакчы.