
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы америкалык мушкер
Майк Тайсон Нью-Йорк шаарында туулган. Ал 1978-жылы 12 жашында легендарлуу мушкер Мухаммед Али менен жолугушкан соң бокс менен машыгуу тууралуу ойлоно баштаган. 1981-жылы 15 жашында боксту сүйүүчүлөр рингинде 25ке жакын беттеш өткөрүп, анын алтоосунда жеңилүүгө дуушар болгон. 1986-жылы 22-ноябрда Майк Тайсон бокстун тарыхында эң жаш Дүйнө чемпиону аталган. Ал 1995-жылы 25-мартта ислам динин кабыл алган.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Индиянын "Келин" аттуу сериалында Ананди ысымы менен башкы каармандын ролун жараткан жаш актриса
Авика Гор Индиянын Мумбай шаарында төрөлгөн. Авика 10-класста окуганына карабастан, 2011-жылдан ушул убакка чейин (2015) "Sasural Simar Ka" аттуу сериалда Роли аттуу кыздын ролун жаратып келет. Актриса "Келин" сериалындагы ролу үчүн "Аялдын мыкты ролу", "Жаш баланын мыкты ролу" номинацияларына ээ болгон.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Парижден Йеменди көздөй сапар тарткан А310 учагы Комор аралдарына конорго бир нече мүнөт калганда Инд океанына кулап түшкөн. Жыйынтыгында борттогу 153 адамдан (142 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү) 14 жаштагы кыз гана аман калган.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы түштүк кореялык актёр, ырчы
Пак Ён Ха каза болгон. Анын өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Актёр 32 жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Ал эми Пак Ён Ха тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган.
Пак Ён Ханын жүзү көрүүчүлөргө “Кыш сонатасы” сериалындагы Санхёктун ролунан улам таанымал болгон. Ал эми Азия өлкөлөрүндө ал актёр гана эмес, мыкты ырчы катары белгилүү, өзгөчө Японияда абдан абройлуу болгон. Ал “Ва-Банк”(“Тагдыр оюну”), “Кыш сонатасы” сериалдарындагы саундтректерди жазган.