Ысык-Көлдө №2-мамлекеттик резиденциядан өрт чыкты

24-февралда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2-мамлекеттик резиденциядан өрт чыккан. Тилсиз жоодон резиденциянын жыгачтан жасалган чатыры жана 2 кабаттуу конок үйү толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, имараттын узундугу 15 метр, туурасы 12 метр болгон. Мындан сырткары өрттүн кесепетинен 2 керебет, 3 шифоньер, 1 сыналгы, 1 муздаткыч, стол жана отургучтар күлгө айланган. Өрт саат 13:40 чамасында өчүрүлүп бүткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан