Ат-Башыда Кыргыз шырдагы фестивалы өткөрүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргыз шырдагы фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу 29-июнда уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чаранын негизги максаты шырдак жасоону жайылтуу, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо болуп саналат.

Быйылкы фестивалда 500гө жакын кол өнөрчүлөр 1500дөй эмгегин калыстардын сынына коюшту. Мыкты шырдактын ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. Фестивалда 1-орунду ээлеген Бурулсун Бостоналиева 50 миң сом, 2-орунду алган Зоя Бегимбаева 40 миң сом жана 3-орунду багындырган Айсалкын Сулайманова 30 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2015-06-30 08:54:02
Дамирага бир шырдак кетет экен да ээ. Жакшы жоролго. Кыргыздын кол онорчулугун оркундотуу керек.
0
deva
2015-06-30 08:58:56
Салымбеков байбичеси менен барыптыр ээ. Дамира бир эмес 2-3 шырдакты артынып келсе керек
0
AIZAD
2015-06-30 09:46:42
Сыйлык ээлеринин суроту болсо жакшы болмок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан