24-февралда КРнын Футбол федерациясынын имаратында “Чакыруу Кубогу” үчүн мелдеш өтүп, анда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасы жеңүүчү болду. Өспүрүмдөр командалары катышкан бул мелдеште 2-орунду Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ээлесе, 3-орунга орунга Казакстандын футбол боюнча курама командасы татыктуу болду. Айта кетсек, мелдеш 21-февралда башталган.