Асылбек Жээнбеков: "V чакырылыштагы кыргыз парламенти жаңы шартта, жаңы нукта ишенимдүү кадам таштап, ишти жолго коё алды”

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын расмий жабылуу аземи болду. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5 жыл аралыгында парламент тарабынан аткарылган орчундуу окуяларга учкай токтолуп, бардык кызматташкан тараптарга ыраазычылык билдирди.

Төраганын сессиянын расмий жабылышында сүйлөгөн сөзү:

"Урматтуу депутаттар!

2010-жылдагы шайлоо жаңы Конституция жоболоруна ылайык өтүп, парламенттик башкаруу таризиндеги мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн аткаруу милдети Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына, бизге туш келди.

2010-жылдын 10-ноябрында Жогорку Кеңеш өзүнүн эң алгачкы жыйынын өткөрүп, ыйгарым укуктарыбызды аткарууга киришкенибиз баарыбыздын эсибизде. Жаңы мамлекеттик башкаруу жолунда парламенттин иш ыргагын жолго салуу оңойго турган жок. Ошого карабастан, кыргыз парламенти жаңы шартта, жаңы нукта ишенимдүү кадам таштап, ишти жолго коё алды. Ошол кездеги курч саясий кырдаалдагы кыйынчылыктарга карабай алгачкы парламенттик көпчүлүк коалициясын түзгөнүбүз тарых барактарында калды.

Азыркы чакырылыштын депутаттары оппоненттин ой-пикирин урматтоонун, өз ара макулдашууга келүү менен компромисске жетишүүнүн жаңы саясий маданиятын өздөштүрдү жана калыптандырды. Фракциялар бешөө, бирок мекенибиз бирөө экенин туу тутуу менен иш алып бардык. Анын натыйжасында өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган тарыхый чечимдер дээрлик бардык депутаттардын колдоосуна ээ болуп, көпчүлүк мыйзам долбоорлорун басымдуу бөлүгү 5 фракциянын тең өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты. 

Парламент калктын бардык катмарынын мүдөөлөрү жана таламдары кеңири талкууланган саясий майданга айланды. Мурдагыдай оппозициянын үнү көчөдө, эл чогулган жайларда гана айтылып кала бербей, парламенттин өзүндө орун алды.

Президент институту жана өкмөт менен кызматташуунун конструктивдүү формасын таба алдык. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө, экономикасы өнүккөн, кубаттуу кыргыз өлкөсүн куруу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерде ар бириңиздердин кошкон салымыңыздарды баса белгилей кетейин.

Кудай буюрса, турмушка ашырылып жаткан ири долбоорлор өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо менен бирге экономиканы көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Мен буга толук ишенем. Көптөгөн жакшы саамалыктардын башатына айлана турган стратегиялык Түндүк-Түштүк жолунун курулушу жүрүүдө. Күчтүү армия түптөө максатында Аскер доктринасы кабыл алынды. Коррупцияга каршы элдешкис күрөш, диний саясатты жөнгө салуу, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу сындуу келечектүү иштер мыйзамдуулук жактан камсыздалды. Мунун баары улуттук идеологияны бекемдөөгө түрткү берери бышык.

Өлкө жарандары бардык саясий кризистерге алып келген шайлоолордун бурмаланышын, тилекке каршы, жон териси менен сезип, аны укуктук талаага алып келүүнүн ар кандай жолдорун издеп келгенбиз. Өкмөт тарабынан сунушталган таза шайлоо өткөрүүнүн жаңы усулун парламент колдоп берди. Анткени таза шайлоо туруктуулуктун, өнүгүүнүн башаты экенин, шайлоолорду мыйзам чегинде адилет, таза өткөрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кошулушун шарттаган ратификациялык мыйзамдарды, мыйзам пакеттерин дыкат талкуулап, кабыл алып бердик. Өлкө ЕАЭБ курамына өзүнүн улуттук кызыкчылыгын сактоо менен кирүүдө. Келечекте мунун үзүрүн көрөр күн деле алыс эмес.

Мыйзам чыгаруу бутагынын ачык иш жүргүзүүсүнүн негизинде дүйнөдөгү парламенттик демократиясы өнүккөн өлкөлөр бизди ачык, демократиялык мамлекет катары тааныды. Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы тарабынан Жогорку Кеңешке “демократия боюнча өнөктөш” деген расмий статусунун ыйгарылышы анын айкын мисалы.

Урматтуу депутаттар!

Өлкөбүз парламенттик демократия жолуна түшкөн соң, Жогорку Кеңеш эң алды менен ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо милдетин дагы татыктуу аткарды деп айта алам. Жогорку Кеңештин, тармактык комитеттердин, фракциялардын жыйындарын республикадагы шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнө жеткирүү максатында “Парламент” радиосунун уктуруу алкагын кыйла кеңейттик. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл аймактарынын башчылары Жогорку Кеңешке келип, көйгөйлөрдүн чечилишине күбө болуп, айрым чечилбеген жагдайларды депутаттардын, аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн өз ооздорунан укканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай иштөөнүн жаңы тартиби жарандык коомдун катуу
сын-пикири, алардын маалымат алуу боюнча суроо-талабы менен коштолуп, массалык маалымат каражаттарынын көзөмөлүндө турду. Ошондон улам Жогорку Кеңештин, комитеттер менен фракциялардын ишмердүүлүгүн ачык-айрым, үзгүлтүксүз чагылдырып келе жаткан парламенттик кабарчыларга дагы жалпы Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу камсыз кылуудагы эмгеги үчүн аппарат менен иш башкармалыкка да ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу кесиптештер!

Албетте, айрым мыйзам долбоорлорун, маселелерди талкуулоону сентябрь айында кайра улантабыз. Алдыдагы эмгек өргүүңүздөр, эл менен болгон жолугушуулар ийгиликтүү өтсүн. Элибизге жакшылык, жерибизге тынчтык каалайм. Кайрадан көрүшкөнчө саламатта болуңуздар!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан