Жылнаама, 1-июль: Мындан 11 жыл мурун легендарлуу “Өкүл ата” тасмасында Дон Корлеоненин образын жараткан америкалык актёр Марлон Брандо каза болгон

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы "Кара кыргыз" деген каймана атка ээ болгон мушкер Ален Офойо Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл), Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун ээси (2007-жыл), ошондой эле кикбокс боюнча Эл аралык класстагы жана бокс боюнча Спорт чебери.

* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы ханбийке Диана Англияда граф Олтер Спенсердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Диана Френсис Спенсер. Диана 6 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кичинекей кыз агасы менен атасынын колунда калышат. "Жаңы Англия" аттуу окуу жайда окугандан кийин кичинекей Ди Францияда бир нече жыл жашаган. Ал жерден психологдун окуусун окуп, кайрадан бир кездерде өзү окуп бүтүп кеткен "Жаңы Англияга" мугалим болуп орношот. Ошол жерден Англиянын 21-ханзаадасы Чарльз менен таанышат. Өзүнөн он эки жаш улуу Чарльз менен төрт жыл жылуу мамиледе жүрүп, 1981-жылы 29-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 1982-жылы 21-июнда Уильям, ал эми 1984-жылы 15-сентябрда Гарри аттуу эки уулдуу болушкан. 1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан. Ал эми 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй лимузин менен келе жаткан Диана Френсис Спенсер жана анын досу, ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз автокырсыкка кабылып, өмүрү менен кош айтышкан. 
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Гонконг Кытай Элдик Республикасынын курамына алынган. "Сянган" кантон диалектинде "Гонконг" аталып, ал "жыпар жыттуу кысык" дегенди түшүндүрөт. Гонконг Англия-Кытай согушунун натыйжасында 1842-жылы Англияга 155 жылга берилген. Келишим мөөнөтү аяктаган соң, Британия Гонконгду Кытайга кайтарган. 
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы легендарлуу “Өкүл ата” тасмасында Дон Корлеоненин образын жараткан америкалык актёр Марлон Брандо Лос-Анжелес аймагындагы ооруканада оор дарттан улам 80 жашында каза болгон. 
"Оскар" сыйлыгына эки жолу татыган Марлон Брандо 1924-жылы 3-апрелде Небраска штатындагы Омаха жергесинде майда соода менен алектенген кишинин жана чакан шаарчада өнөрпоздук кесипти аркалаган айымдын үй-бүлөсүндө туулган. 
Марлон өзүнүн актёрдук карьерасын 1944-жылы баштаган. Ал ошол жылы Бродвейде "Мен апамды сүйөм" деген пьесада роль аткарып, актёрдук тушоосу кесилген. 1951-жылы "Эңсөө" деп аталган трамвай" ("A Streetcar Named Desire") фильмине, 1953-жылы "Жапайы неме" ("The Wild One") деген тасмага тартылган. Ал эми 1954-жылы "Деңиз жээгинде" ("On the Waterfront") тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына алгачкы жолу татыган. 
Брандо режиссёр Фрэнсис Копполанын 1972-жылы тартылып бүткөн жана америкалык мафиянын ички оош-кыйыш турмушун чагылдырган "Өкүл ата" ("The Godfather") тасмасындагы Дон Вито Корлеоненин ролун мыкты аткарган. Бул ролу үчүн кийинки жылы ага өзүнүн экинчи "Оскар" сыйлыгын ыйгарышканда, Марлон Брандо өлкөдөгү индейлердин укуктарынын бузулушуна нааразылык билдирүү иретинде киноакадемиянын бул жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткан. 
1-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан