26-февралга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

26-февралда өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туман каптоо жүрөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт.

Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:

Чүй облусунда күндүз +1…+6°C, түнкүсүн 0... -5°C

Талас облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1… -6°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +5…+10°C, түнкүсүн -1... +4°C

Баткен облусунда күндүз +5…+10°C, түнкүсүн -4…+1°C

Ысык-Көл облусунда күндүз 0…+5°C, түнкүсүн -1... -6°C

Нарын облусунда күндүз -1…-8°C, түнкүсүн -7... -12°C

Бишкек шаарында күндүз +3...+5°C, түнкүсүн -2…-4 °C.

Борбор шаарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан