"Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралат

Бүгүн, 26-февралда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "КРда сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралат. Аталган мыйзам долбоору депутат Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленип, 1-окууда депутаттардын колдоосуна ээ болгон. Мыйзамдын максаты - кредиттик компаниялар тарабынан берилип жаткан насыялардын пайыздык ченин 40тан ашырбоо. Мыйзам демилгечисинин айтымында, учурда кредиттик компаниялар элдин башын айлантып, үстөк пайызы жогору насыяларды берүү менен алардын күрөөгө коюлган мүлкүн тартып алышууда. Бүгүн бул мыйзам долбоору аталган комитеттеги депутаттардын талкуусуна коюлмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан