Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
"Урматтуу Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлери!
Силерди кесиптик жана юбилейлик майрамыңар – Салык кызматкеринин күнү менен куттуктайм!
Бүгүн абдан маанилүү жана зарыл ишке – өлкөбүздү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу ишине өмүрүн арнаган адамдардын кесиптик майрамын белгилейбиз. Силердин талыкпаган эмгегиңер менен мамлекет өзүнүн экономикалык жана социалдык милдеттерин аткарууда. Кыргыз Республикасынын Салык кызматы 25 жылдын ичинде салык төлөөчү менен мамлекеттин ортосундагы өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү үчүн зор иштерди аткарды. Салык тескөө процессинде кардар менен иштөөдө жакшы жылыштар болууда.
Бүгүнкү күндө салык отчётун берүүнү жана салык төлөөнү автоматташтырууда, маалыматтык системдерди жана жаңы технологияларды киргизүүдө жакшы ийгиликтерге жетиштиңер. Акыркы жылдары аталган кызмат чогулткан жыйымдардын көлөмү эселеп өстү. Бул иштин жүрүшүн басаңдатпай, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына жол бербей, ишти бардык багыттары боюнча өркүндөтүү абдан зарыл. Ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча ишти жандандыруу зарыл. Мыйзамдуу бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүп, түрткү берүү жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү керек.
Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигине кирген шартта силер аткарып жаткан иштин натыйжалуулугу зор мааниге ээ. Учурда көп иштер жасалгандыгын билем, бирок аткара турган иштер да көп. Жаңы шарттарда мамлекеттик казынага салыктардын түшүүсүн камсыз кылууда силер негизги ишти аткарасыңар. Силердин максат – бизнес тапкан бардык кирешелерден алынган салыктарды мамлекеттик бюджетке толук жеткирүү. Бул милдеттерди аткаруу талыкпаган эмгекти, жогорку кесипкөйлүктү жана чыгармачыл мамилени талап кылат. Бул өлкөнүн жарандарынын турмушун жакшыртууга багытталган экономикалык артыкчылыктарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Силер өлкөнүн экономикалык климатын калыптандырууда жана жакшыртууда стратегиялык иш жүргүзөсүңөр. Бул милдетти ийгиликтүү аткарасыңар деп терең ишенем. Биз биргелешип мамлекетибизди ар бир адам билимине, жөндөмүнө жараша татыктуу жашаган, гүлдөп-өнүккөн жана байгер өлкөгө айландырабыз.
Силерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңерге ийгилик каалайм!"