ЖКда букмекердик кеңселер боюнча мыйзамга президенттин каршы пикири талкууланат

Бүгүн, 26-февралда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "КРдагы букмекер кеңселери жана тотализаторлор бюролорунун иши жөнүндө" КРнын мыйзамына карата президенттин каршы пикири талкууланат. Бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленип, ал Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууга багытталган. Аталган мыйзам долбоору 2012-жылдын декабрь айында парламенттен колдоо таап, бирок ага өлкө башчы каршы пикир билдирген болчу. Комитет жыйынында аталган мыйзамга мамлекет башчынын каршы пикири тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев баяндама жасайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан