"Аксы районунда кайрадан эчкинин массалык кырылуусу болот" деген божомол айтылууда
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар айылдардын тургундары жазында кайрадан мал ылаңы жанданат деп кооптонушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Бакберген Урусалиев маалымдады. Айта кетсек, былтыр жай айларында аталган райондун Кара-Суу, Кара-Жыгач сыяктуу айылдарында эчкинин массалык түрдө кырылуусу болуп, айыл элине көптөгөн чыгым алып келген. Ал эми эчкинин мындай кырылуусунун себебин айылдагылар кара өпкө, келте оорусунан улам дешкени менен, ветеринардык кызматкерлер ушул кезге чейин так аныктай электиги белгилүү болду.