КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда Бишкекте өтө турган Бажы администрациялар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микураны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.