Аба ырайы, 2-июль: Өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт

2-июлда өлкөнүн кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Мелүүн жел жүрөт.

Чүй облусу. Күндүз +41°C, түнкүсүн +24°C

Талас облусу. Күндүз +40°C, түнкүсүн +23°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +41°C, түнкүсүн +25°C

Баткен облусу. Күндүз +40°C, түнкүсүн +23°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +33°C, түнкүсүн +18°C

Нарын облусу. Күндүз +33°C, түнкүсүн +14°C

Бишкек шаары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +24°C
Эскертүү!
2-июлдан 4-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлөт: абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +41ºC, тоо этектеринде +35ºC, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +34ºCге чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Ушундай ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө сунуш кылынат. Фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан