1-март күнү Москва шаарында өтө турган кикбокстун W5 Fighter түрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна кыргызстандык спортчу Алексей Федосеев катышат. Маалым болгондой, бул спорттук иш-чарада 66 килограммдык салмактагы балбандар таймашка чыкмакчы. Айта кетсек, мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.