"Collection Premiеre Moscow" аттуу Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан 9 кийим тигүүчү мекеме катышат

Москва шаарында өтүүчү "Collection Premiеre Moscow" аттуу Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын атынан 9 кийим тигүүчү ишкана катышат. Бул тууралуу бүгүн 26-февралда Швейцария кызматташтык бюросу билдирди. Маалыматка ылайык, Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү катышкан бул көргөзмө 26-февралдан 1-мартка чейин болот. Анда кыргызстандык "Diva Style", "Rusol", "E-line moda" сыяктуу кийим тигүүчү мекемелер даярдаган кийимдер “Кыргызстанда жасалган” деген жалпы бренд менен коюлат. Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстанда 160 миң киши тигүү цехтерин иштеп, анда өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы Орусияга экспорттолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан