Жайдын ортосунда өкмөт кышкы мезгилге даярдануу маселесин талкуулап жатат

Бүгүн, 2-июлда тиешелүү мекемелердин катышуусунда күзгү-кышкы мезгилге даярдануу маселесине арналган өкмөттүн жыйыны өтүп жатат. Иш-чара премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилигинин алдында өтүүдө.

Сариев мекемелердин жетекчилерине кайрылып: "Эгер бизден жардам керек болсо айткыла. Жөн эле өзүңөр үчүн отчёт берүүнүн кереги жок. Кайсы маселелерди өзүңөр чече аласыңар, кайсыларды чече албайсыңар, баарын ачык айтып бергиле",- деди.

Жыйында трансформаторлорду оңдоо иштери, мектептердеги, ооруканалардагы мештердин даярдыгы, отун сатып алуу, көмүрдүн баалары тууралуу маселелер каралат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан