Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек
Жээнбеков бүгүн, 2-июлда Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү
Петер Бурианды кабыл алды. Жээнбеков Евробиримдиктин Кыргыз Республикасына берген
жардамы өсүп жатканын белгилеп:
"Кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканына жогору баа
берет",- деп билдирди. Спикер президент
Алмазбек Атамбаевдин Германияга жасаган иш сапары
ийгиликтүү болгонун, анын жүрүшүндө кыргыз өлкөсү менен Евробиримдиктин ортосундагы "Тармакты реформалоо келишими – Кыргыз Республикасына социалдык коргоо" макулдашуусуна кол коюлганын, ага ылайык, 30 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн
белгиледи.
Жээнбеков парламенттик шайлоону жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүгө жасалып жаткан аракеттер тууралуу билдирди. “Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин астында өлкөдөгү бийликти жана демократиялык кайра курумдарды тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө негиз боло турган ачык-айкын шайлоону камсыздоо боюнча маанилүү милдет турат”,- дейт парламент жетекчиси. Буриан Евробиримдиктин кыргыз өлкөсү менен өнөктөштүк
мамилелерди өркүндөтүүгө даяр экенин билдирди. “Кызматташууну өнүктүрүүдө эки
тараптуу кызыкчылык бар. Парламенттик демократияны курууда кыргыз өлкөсүндөгү реалдуу жетишкендиктер, бийликтин укуктук талаада алмашылып жатканы көрүнүп эле турат”,- деп кошумчалады биримдик өкүлү.