"Быйыл көмүрдүн баасы кымбаттабайт" дейт министр Турдубаев

Бүгүн, 2-июлда тиешелүү мекемелердин катышуусунда күзгү-кышкы мезгилге даярдануу маселесине арналган өкмөттүн жыйыны өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев мазут жана көмүр менен камсыз кылуу иштери кандай жүрүп жатканын айтып берди. "Ушул же кийинки жумада мазут сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгы чыгат. Андан соң 1-октябрга чейин мазуттун керектүү көлөмү ташылып келет. Ошентип, мазут маселеси чечилет",- деди министр.
Мындан тышкары ал көмүр тууралуу маалымат берди. "Былтыр көмүр маселеси көйгөй жараткан. Быйыл 900 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендерлер өтүп, келишимдер түзүлдү. Көмүрдүн баасы 56 долларга тең болуп, былтыркы жылдын баасына барабар болот. Июль айынан баштап көмүрдү алып баштайбыз",- деп маалымдады Турдубаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан