Лейлек районунда Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү жол куруу зарыл

25-февралда төрага Асылбек Жээнбеков башында турган ЖКнын депутаттарынын Баткен облусундагы эки күндүк иш сапары башталды. Депутаттар Лейлек районундагы Коргончу айылындагы жолдун абалы менен таанышып, андан соң Тажикстандын аймагы бөлүп турган Кулунду, Максат айылдарында болушту. Лейлек районунун акими Т.Арипов депутаттарга Тажикстандын аймагын айланып өтө турган жол куруу зарылчылыгын баса белгиледи. Анын айтымында, учурда эки тараптагы кыргыз айылдарынын тургундары аталган өлкөдөн өтүп катташууда кыйынчылыктар жаралууда. Айта кетсек, делегациянын курамында депутаттар Курмантай Абдиев, Назарали Арипов, Ташполот Балтабаев, Жусупали Исаев, Динара Исаева, Ирина Карамушкина, Улукбек Кочкоров, Мурадил Мадеминов жана Чолпон Султанбекова бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан