Тажикстандан 150 миллион киловатт-саат электр энергияны импорттоо боюнча чечим кабыл алынды

29-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,99 миллиард куб метрге жетти. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 0,73 миллиард куб метрге төмөнүрөөк. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдануу маселесине арналган жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Министрдин айтканына караганда, жарандарды электр энергия менен камсыздоо жана суу сактагычында сууну үнөмдөө максатында Тажикстан менен 500 миллион киловатт-саатка чейин электр энергия сатып алуу макулдашылган. "1 киловатт-сааттын баасы 2,5 АКШ центке (1 сом 56 тыйынга) барабар болот. Бирок электр тармактарынын өткөрмө жөндөмдүүлүгүн эске алып, Тажикстандан 150 миллион киловатт-саат электр энергияны импорттоо боюнча чечим кабыл алынды",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан