Премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик мекемелерге көмүрдү автоунаа жолдору аркылуу ташууга тыюу салды. Мындай тапшырмасын ал бүгүн, 2-июлда өкмөттүн кышкы мезгилге даярдык көрүү маселесине арналган жыйында берди.
Т.Сариевдин айтымында, мындай тыюу унаа жолдорун сактоо максатында иштелип чыкты. "Ошол эле учурда көмүрдү поезд вагондору менен ташыса акча үнөмдөлөт. Жүк ташуучу унаалар 800 сомго жеткирсе, вагондор менен 200 сомго эле жеткирет. Бул үчүн кошумча крандар жана вагондор берилет. Ошондо көмүрдүн сатык баасы да катуу өзгөрбөйт",- деди өкмөт башчы.