Бүгүн, 2-июлда тиешелүү мамлекеттик мекемелердин катышуусунда күзгү-кышкы мезгилге даярдануу маселесине арналган өкмөттүн жыйыны өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев жарандарды кышкы мезгилде электр энергияны үнөмдөөгө чакырып, көмүр жана газга өтүүгө чакырды. "Жергиликтүү бийлик жана министрликтер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Быйыл да былтыркыдай суу аз. Эл үйлөрүн жакшыраак жылытып чыгышы керек",- деди Сариев.