
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы ырчы
Куралбек Чокоев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториясына тапшырган. Репертуарындагы эл оозуна алынган ырлары: "Жалгызымсың", "Ты прости", "Оп майда".
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Куралбек Чокоевдун аткаруусундагы "Билип жүр" аттуу ырынын клиби "2012-жылдын супер клиби" наамын алган.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы ырчы
Чолпонай Бишкек шаарында туулган. 2-классынан тарта “Ак шоола” балдар хорунда ырдап, өспүрүм кезинде “Кылым” тобунун ырчысы болгон. БГУнун журналистика факультетин аяктаган. Ал “Шала-ла-ла”, “Эквалайзер” аттуу ырлары менен белгилүү болгон.
Чолпонай "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын сахна ажары", "2013-жылдын супер ырчы айымы" наамдарына арзыган.

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы Гаитинин мурдагы диктатору Бэби Док деген лакап ысымга ээ болгон
Жан-Клод Дювалье Гаитинин Порт-о-Пренс шаарында төрөлгөн. Ал 19 жашында бийликке келип, дүйнөдөгү эң жаш президент эсептелген. Өлкө лидерлигин ал атасы Франсуа Дювальеден өткөрүп алган. Ата-баланын башкаруу мезгили тарыхка эң кандуу жылдар катары кирип калган. Алардын “тонтон макут” деп аталган президенттик гвардиясынын жоокерлери учурунда 69 миң адамга чейин кырганы айтылып келет.
Дювалье президенттиктен кеткенден кийин 25 жыл куугунтукта жүрүп, өз өлкөсүнө 2001-жылы кайтып келген. Кариб аралындагы жакыр өлкөнү 1971-жылдан тарта 1986-жылга чейин башкарган Дювалье 2014-жылдын 4-октябрында 63 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапкан.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы америкалык актёр
Том Круз АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс шаарында туулган. Ал актёр гана эмес, режиссёр, продюсер, сценарист да болуп саналат. Том Круз үч ирет "Алтын глобус" сыйлыгына арзып, үч жолу "Оскарга" көрсөтүлгөн. Ал өзүнүн жогорку актёрлук чеберчилигин "Магнолия" драмасында көрсөтө алган.