Асылбек Жээнбеков: "Быйыл Баткен облусун өнүктүрүүгө бюджеттен 330 миллион сом бөлүнөт"
Быйыл Баткен облусун өнүктүрүүгө бюджеттен 330 миллион сом бөлүнөт. Мындай маалыматты төрага Асылбек Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты. Төраганын айтымында, бул каражат коммуникацияларды жакшыртууга, мектептерди, жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга жумшалат. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын Кольцо айылындагы мектептин абалын көргөн Асылбек Жээнбеков жаңы мектептин курулушун быйыл бүтүрүү пландалып жатканын айтты. Айта кетсек, ЖКнын депутаттарынан куралган делегация учурда Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.