Сан-Франциско шаарында 8-июлда пианист
Азамат Сыдыков америкалык музыкант
Жонатан Левин менен биргеликте чыгармачылыгын тартуулайт. Бул тууралуу 2-июлда "Kyrgyz Club" уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Азамат Сыдыков борбордук музыкалык мектептин доценти
А.Рябованын
классынын жана П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик
консерваториясынын бүтүрүүчүсү. Мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын
ээси.
Жонатан Левин Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен музыкалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү, эл аралык сынактардын лауреаты.