Президент Алмазбек Атамбаев 3-июлда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мыйзам 2015-жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жаатында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын так ажыратуу.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесинин жоболорун, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан.
Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жер жана Токой кодекстерине, “Нотариат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Ветеринария жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.