Бишкектеги көзү азиз жана начар көргөн балдардын Республикалык жатак-мектебине материалдык жардам берилет

Бүгүн, 26-февралда ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жана «Human Appeal International» Эл аралык гуманитардык коомунун жетекчиси Али Айоуб көзү азиз жана начар көргөн балдардын Республикалык атайын жатак-мектебине окууга керектүү эмеректерди, спорттук жабдыктарды жана башка буюм-тайымдарды тапшырышат. Белгилүү болгондой, буга чейин аталган мектептин директору Калиман Урсеитова депутаттарга жардам сурап кайрылган. Анда жатак-мектепке китеп текчелери, шкафтар, спорттук шаймандар жана идиш жуучу машина керек экендигин айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан