Жылнаама, 4-июль: Мындан 29 жыл мурун кайрадан реконструкцияланган Нью-Йорктогу "Эркиндик" айкели ачылган

* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын Төрагасы Цзян Цзэмин кыргыз-кытай мамлекеттик чек аралары туурасындагы келишимге кол коюшкан. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгү-Кууш тилкеси эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен келишимге киргизилген.
 
* Мындан 189 жыл мурун, 1826-жылы АКШнын 3-президенти Томас Жефферсон АКШнын Виргиния штатындагы Шарлотсвилл шаарында 83 жашында каза болгон. Америка Кошмо Штаттарынын
3-президенти, Эгемендик декларациясынын автору, саясий ишмер, дипломат, "Агартуу доорунун" философу Томас Жефферсон 1743-жылы 13-апрелде туулган. Ал Биринчи америкалык буржуазиялык революциянын көрүнүктүү өкүлү болгон. Анын президенттик маалында Кошмо Штаттар Луизиананы Франция мамлекетинен сатып алган жана Льюис менен Кларктын 1804-1806-жылдары экспедициясы уюштурулган.
* Мындан 150 жыл мурун, 1865-жылы англиялык жазуучу Льюис Кэрролдун "Алиса кереметтер өлкөсүндө" китебинин биринчи басылмасы чыккан. Чарльз Доджсон аттуу адам 1862-жылы пикникке чыгып, Алиса Лидделл аттуу кызга коён менен сыйкырдуу дүйнөгө качкан кыздын тарыхын айтып берген. Окуя он жашар кызды ушунчалык кызыктырып, ал баяндамачыдан анын уландысын толук жазып берүүсүн өтүнгөн. Чарльз Доджсон кыздын кеңешине кирип, Льюис Кэрролл деген лакап ысым менен "Алиса кереметтер өлкөсүндө" деген китепти жазган. 
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы АКШ президенти Рональд Рейган Франция президенти Франсуа Миттеран менен бирдикте кайрадан реконструкцияланган Нью-Йорктогу "Эркиндик" айкелин ачкан. Нью-Йоркто "Эркиндик" статуясынын расмий ачылышы 1886-жылы 28-октябрда болгон. Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольди жана инженер Гюстав Эйфель жасаган. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бөлүккө бөлүп, 214 жашикке салышкан. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнө чейин 93 метр, статуянын өзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр, статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгөн. Ачылган күндөн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.
4-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан