Жылнаама, 5-июль: Мындан 76 жыл мурун Бишкек шаарынын Кара-Жыгач багында орун алган Комсомол көлүнүн курулуш иши башталган

* Мындан 76 жыл мурун, 1939-жылы Бишкек шаарынын Кара-Жыгач багында орун алган Комсомол көлүнүн курулуш иши башталган. Жасалма көлмөнү Базар суусунун нугуна курушкан. Мындагы бакчаларды бузбаш үчүн адегенде тосмо курулуп, андан кийин калган иштер бүткөрүлгөн. Балыкчылар көлмөгө маринка жана форель балыктарын коё беришкен.
 
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы ырчы Азиз Жетигенов Талас облусунда туулган. Азиз Жетигенов алгач Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков менен биргеликте "Санат" тобунда ырдаган. 1996-жылы Ысык-Көлдө өткөн фестивалда жеке ырчы катары алгачкы жолу сахнага чыгып, түрк тилиндеги ырды аткарган. Абдраев атындагы музыкалык мектептин саксофон бөлүмүн бүтүргөн. Белгилүү эстрада жылдызы Алина Жетигенованын уулу.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы алып баруучу жана диктор Мирзат Муканов Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулуп, ошол эле айылдагы Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн. Мектепти бүтүргөн соң Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология, педагогика жана журналистика факультетине тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун студент кезинен эле баштаган. Алгач Ысык-Көл ОТРКсында диктор болуп иштеген. Андан соң КТРКда "Акцент", "Эл билгиси келет" программаларын, кийин НТС телеканалында "Өзгөчө пикир" ("Особое мнение") ток-шоусун алып барган. 
* Мындан 158 жыл мурун, 1857-жылы Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөшкөн белгилүү ишмер Клара Цеткин Германиядагы тарыхый аймак деп аталган Саксонияда айылдык мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп, 1933-жылы 20-июнда Москвага жакын жайгашкан Архангельск кыштагында жашап турганда катуу ооруп, дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Москванын Кремль дубалына коюлган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы түркиялык актриса Туба Бүйүкүстүн Түркия­нын Стамбул шаарында туулган. Ал мектепти бүткөн соң Мимар Синан атындагы университетке тапшырып, кийим жана сахна кооздоочу адис болуп чыккан. Алгач жарнамаларга тартылып, кийин тасмага тартылуу сунуштары түшө баштаган. 2003-жылы Туба Бүйүкүстүндүн катышуусунда “Султан Макамин” деген жаңы телесериал пайда болот да, түрк элдеринин арасында чоң кызыгууну жараткан. Мындан тышкары анын катышуусунда 2004-жылы “Гүлзар”, 2005-жылы “Атам жана уулум”, “Липа дарагынын алдында”, 2006-жылы “Сынак”, 2007-жылы “Аси”, 2010-жылы “Жүрөгүңдөн сурап көр” жана башка сериалдар катар-катары менен чыккан. Туба Бүйүкүстүн 2010-жылы Түркияда 33 миллион адам катышкан сурамжылоодо эң популярдуу, таланттуу жана сулуу актриса деп табылган.
5-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан