4-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +38°C, түнкүсүн +26°C
Талас облусу. Күндүз +36°C, түнкүсүн +22°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +25°C
Баткен облусу. Күндүз +37°C, түнкүсүн +23°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +31°C, түнкүсүн +18°C
Нарын облусу. Күндүз +32°C, түнкүсүн +15°C
Бишкек шаары. Күндүз +37°C, түнкүсүн +25°C
Эскертүү!2-июлдан
4-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлөт: абанын
күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын
өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында +41ºC,
тоо этектеринде +35ºC, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык
аймактарында +34ºCге чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Ушундай ченемден тышкары
ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп
алуудан сактануу үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө сунушталат.
Фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.