Жылнаама, 6-июль: Мындан 55 жыл мурун кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Рысбек Акматбаев туулган

* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү, кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, ЖКга депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон Рысбек Акматбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлүп, 2006-жылдын 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринен кылмышкерлердин колунан каза тапкан.
 
* Мындан 230 жыл мурун, 1785-жылы доллар АКШнын улуттук акча бирдигине айланган. Америкалыктар эркиндик алгандан кийин англис фунтун же шиллингдерин колдонуу намыска тийчү көрүнүшкө айланган. Томас Жефферсондун сунушуна ылайык, Кошмо Штаттардын Континенталдык конгресси бул күнү өлкөнүн акча бирдиги катары долларды кабыл алган.
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы Казакстандын туңгуч президенти, "Улуттун лидери" Нурсултан Назарбаев Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкер катышкан шайлоодо Нурсултан Назарбаев 80% добуш менен өлкө башчысы болуп шайланган. 2005-жылы 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Назарбаев 91,15% добуш алып, кайрадан өз ордунда калган. 2011-жылы 3-апрелде шашылыш түрдө өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Назарбаев 95,5% добуш менен төртүнчү ирет 2016-жылга чейинки мөөнөткө шайланган. Ал эми 2015-жылы 26-апрелде Казакстанда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда Нурсултан Назарбаев 97 пайыз добушка ээ болуп, кайрадан эле президенттик ордун сактап калган.
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы АКШнын экрандарында “Форрест Гамп” фильми жарыкка чыккан. Фильм жарыкка чыгар замат ийгиликтерди багындырган. Тасма сыйлыктардын "атасы" катары таанымал болуп, Голливуддун шедеври баш-аягы 38 сыйлык алган.
6-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2015-07-05 19:30:44
Рысбек агабыздын жаткан жери жайлуу болсун!
Нурсултан Назарбаевге АЛЛА жар болсун!
0
Ayselim
2015-07-06 07:54:54
Bugun kazakstanda kow mairam astana kunu jana nazarbaevdin tuulgan kunu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан