Мексикадагы шаар мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге экинчи ирет үйлөндү

Мексикадагы Сан Педро Уамелула шаарынын мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге экинчи ирет үйлөндү. Бул тууралуу 3-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Тойдо крокодилге үлпөт көйнөгүн кийгизип, оозун байлап коюшкан. Бардык ырым-жырымдар бүткөндөн кийин крокодилди кармаган көлмөгө кайра коё беришкен. Эми шаар тургундары балыкчыларга ийгилик келип, балык уулоо жемиштүү болот деп үмүттөнүшүүдө. 

Саамалык шаарды өнүктүрүүгө багытталган. Ыр, бий, фейерверктер менен коштолгон мэрдин тою жашоочулар чогулткан каражаттын эсебинен өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
amin1986
2015-07-04 13:11:21
Түшүңө да кирбеген нерсе...
0
Suma9
2015-07-04 13:35:39
Булардын дини башка б.н учун,ишеними ошондой го
0
ulan_rysbaev
2015-07-04 13:38:32
Бул кабарды биздин мэрге угузган кызматкер сразу жумуштан кетсе керек.
0
Shakarap
2015-07-04 14:41:17
Комментарийлер сонунго борду гана эзесинер да.
+1
Boldukan86
2015-07-04 22:05:16
ээ бир мээси жокторда. мусулмандардын да башын айлантат ушундай нерселер. конул бурбагыла.
-1
bolot00
2015-07-05 01:01:38
Boldukan86,тура айтасын
-1
Dinki
2015-07-05 00:49:01
Биздин чондорду да уйлонтуш керек ошентип эшекеби же чочкого
0
Meerima.Majitova
2015-07-05 03:36:21
Балким биздикилер да уйлонушоор кракадилдерге кандай болот анда
жыргайбызго сраз эле мамлекетибиз онугуп кетсе я
+2
bakyt_2015
2015-07-05 09:09:10
Эмне болсо да оз ырым-жырымы, оз ишенич салтына ылайык иш кылып жатышат.Оз шаарынын онугуусу учун барып жатыптыр бул ишке. Оз жерин, шаарын кандай суйоорун ушундан бил.Элдин баары биз эмес го орус келсе орусту туурап,араб келсе арабды туураган.Шылдындап калгандарын кантесин бироону озубузго кылган бир жарытаарлык ишибиз жок.Мэр келсе жесем жутсам деп эле келет бизде башка иш аракет жок.Улгу ал шылдынды койуп шаарынын осушу учун кандай шылдын иш болсо да барыптыр.
+3
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-05 10:05:53
жакаңды кармайын дейсиң бирок ырымга жырымга жакын калк экен. Ырымдап койгону жакшы экен.
0
joni.joni
2015-07-05 18:02:37
Биздин чондорду уйлобой еле эрге бериш керек эшектерге.
0
coco_chichi07
2015-07-05 20:05:17
Боорум эзилгенче кулдум... муну чондор окуп калса э
0
damir.duiwoev
2015-07-05 21:38:17
Ушундай нерселерди окуп крышам тайыйтурган болду.адам емес еле айван болуп баратат адам заты.
-3
tursunbaev2004
2015-07-05 22:25:26
damir.duiwoev,крышаны абайла керек болот
+3
samira8589
2015-07-17 23:17:05
Аллахым мусулман кылып жаратканына эсепсиз шугур келтирем!
0
veneraaalieva
2015-08-03 18:08:58
bakyt_2015 туура айтасын!Ар кимдин озунун дини салты бар да уйлонот десе эле чындап уйлонот бекен ырым-жырымдарын жасап,озунун элинин бактылуу жашашы учун баардыгына макул богон.
0
aizik93
2015-09-15 20:38:54
Тема экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан