Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медицина кызматкерлеринин
кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин “Ата
Мекен” фракциясынан депутаты, медицина илимдеринин доктору Ташполот Балтабаев
катышты. Ал чогулгандарды кесиптик
майрамы менен куттуктап, өлкөнүн медицина тармагынын кыйын мезгилди баштан
кечирип жаткандыгына карабай тармактын жүгүн тартып келе жаткан дарыгерлерге түйшүктүү
эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз медицинасы
көпчүлүккө белгилүү. Окутуу тармагынын иши туура жолго салынып, тажрыйбалуу
дарыгерлер өз билимин, тажрыйбаларын жаштарга бөлүшүп келүүдө. Акырындык менен
тиешелүү жабдыктар жаңыртылууда. Ошого карабастан, алдыда аткара турган
милдеттер арбын.
Профессор Ташполот Балтабаев белгилегендей,
“Ата Мекен” партиясы медицина тармагына
жумшала турган мамлекеттик чыгымдардын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тиешелүү талаптарына жооп берип жана 6 пайыздан кем эмес болушу үчүн
болгон аракетти жасаганга күч жумшап келет. Бул тиешелүү чыгымдар эки эсеге
көбөйтүлөт дегендик. Ташполот Балтабаев белгилегендей, “Ата Мекен” партиясынын
алдыдагы максаты Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын каттоосуна, социалдык
ал-абалына, тапкан кирешесине карабай сапаттуу медициналык жактан тейлөөнү
камсыз кылууга жетишүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу аталган партия “Медициналык
жардам көрсөтүүнүн мамлекет тарабынан кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны кабыл алууга
жетишүүнү көздөп жатат. Албетте, бул сыяктуу аракеттер иш жүзүнө ашса, келечекте Кыргыз Республикасынын медицина
тармагындагы жагдайды түп-тамырынан бери өзгөртө турганына ишеним чоң.
“Биз сиздерге таазим кылабыз,
урматтуу биздин дарыгерлер! Сиздердин өлкө жана ар бирибиз үчүн жасап жаткан эмгегиңиздер баа жеткис. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге
ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз”,- деп партиянын атынан кызуу
куттуктады Т.Балтабаев.