Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-июлда Барак Обаманы АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы куттуктоо телеграммасында Кыргыз Республикасы менен Американын мамилелери жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатканын айтып, демократияны бекемдөө, коопсуздук, экономиканы жана жарандык коомчулукту өнүктүрүү жаатында жемиштүү кызматташууну кошумчалаган.
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Барак Обаманын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, Американын жашоочуларына өнүгүү каалады.