Өлкөдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер силкинүүнүн очогу Ысык-Көл облусунун Кашат айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Темир айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Ананьево айылынан түштүк-батышка карай 18 чакырым алыстыкта орун алган. Кашат, Темир, Семёновка айылдарында жер титирөөнүн күчү 3,5-4 балл, Ананьево, Григорьевка айылдарында 3,5 балл, Боз-Териде 3 балл, Чолпон-Атада 2,5 балл болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos777
2015-07-04 13:39:46
Жараткан Озун сакта мамлекетимди!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан