“7-апрель күнү борбордук аянтта жүргөм. Саат 22:00 чамасында белиме ок тийип, жыгылып бара жатканымды гана билем. Эсиме келсем, ооруканада жатыпмын. Менин колумда да, элдин колунда да эч кандай курал-жарак жок болчу. Ал эми колума атылган окту тергөө кызматкерлери алып кетишкен". Бул маалыматты бүгүн, 26-февралда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча жабырлануучу Нурлан Бекишов билдирди. Айта кетсек, Бишкекте аталган окуя боюнча кезектеги сот иши уланууда.