5-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метр, кээ бир райондордо 25-30 метрге чейин жетет. Чүй облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +23°C
Талас облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +20°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +33°C, түнкүсүн +25°C
Баткен облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +23°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +18°C
Нарын облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +16°C
Бишкек шаары. Күндүз +29°C, түнкүсүн +23°CЭскертүү!Ченемден тышкары ысык аба ырайынан кийин 5-июлда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.