7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сотто жактоочулар жабырлануучунун эки башка көрсөтмө берип жатканын айтышты

7-апрель окуясынын жабырлануучусу Нурлан Бекишов аттуу жаран сотто суралууда. Соттук отурумга катышып жаткан жактоочулардын бири аны эки башка көрсөтмө берип жатканын айтты. “10-апрелде тергөөчүлөргө "Киев-Орозбеков көчөсүндө саат 16:00дө ок тийди" деп, башка тергөөчүгө "Эркиндик-Киев көчөсүндө ок тийген" деп айтыптырсыз. Булардын кайсынысы туура? “ деген суроого жабырлануучу мындайча жооп берди: "Бүгүнкү айткан сөздөрүм гана туура. Буга чейин ооруканада бир жарым ай жаттым. Ал убакта менден эч ким тергөө ишин жүргүзгөн эмес. Тергөөчүлөр келишкен, бирок менин абалым оор болгону үчүн тергөө болгон эмес",- деди. Айта кетсек, бүгүн, 26-февралда Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча кезектеги сот иши уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан