Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Японияга учуп кетти

Бүгүн, 26-февралда президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Японияга  учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы аталган өлкөнүн императору Акихито жана император айымы Митико жана премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуу өткөрөт. Мындан сырткары мамлекет жетекчиси Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки менен жолугушмакчы. Иш сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюу пландалган. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Япониянын алдынкы ММКларына маек берет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан