Бүгүн, 26-февралда өтүп жаткан 7-апрель окуясы боюнча сотто жактоочулар аталган окуя боюнча жабырлануучу Нурлан Бекишовго тийген ок тергөө ишинде катталбаганын айтышты. Жактоочулар Бекишовдон ал окту ким алып кеткенин сурашты. Нурлан Бекишов: “3-операциядан кийин окту алышты. Операция И.Ахунбаев атындагы ооруканада болгон. Ок врачтарда болчу, андан кийин эмне болгонун билбейм”,- деп билдирди.